Чынгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. 1948-жылы ал ветеринардык техникумду, 1953-жылы Кыргыз айыл чарба институтун, 1956-1958-жылдары жогорку адабий курстарды (Москвада) аяктаган. Андан кийин журналист, «Литературный Киргизстан» журналында редактор болуп иштеген. СССРдин ири адабий басылмалары -«Новый мир» жана «Литературная газетанын» редколлегиясынын мүчөсү, «Иностранная литература» журналынын редактору болгон, чыгармачыл союздарга жетекчилик кылган, ал эми 90-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган. Ч. Айтматовдун чыгармаларынын жаралышына, анын балалык чагынын Ата Мекендик согуш жылдарына туш болушу бирден бир себеп болгон.